2020-жылы Кыргыз мамлекетинде парламенттик шайлоо өтөт. Көпчүлүктү быйыл өтө турган шайлоо кызыктырып турган кез. Ошону менен катар эле быйыл президент Сооронбай Жээнбеков "Региондорду өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылы" деп жарыялады. Коомчулук бийлик тарабынан бул жылы кандай алгылыктуу иштер аткарылат деп күтүшүүдө.
Мындан улам SUPER.KG порталы "Бул жылы президент Сооронбай Жээнбековдон эмнелерди күтөсүз?" деген собол салды.
Жогорку Кеңештин депутаты Аалы Карашев быйыл экономикалык жетишкендик болуп, элдин жашоо деңгээлинин өсүшүн күтө турганын айтты.
"Жыл сайын аймактарды өнүктүрүү, санариптештирүү жылы деп жарыяланып жатат. Быйыл дагы "Региондорду өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылы" деп жарыяланды. Баштаган демилгелер мындан ары улантылып, элдин жашоо деңгээлинин көтөрүлүшүн күтөт элем. Жалпы Кыргыз мамлекетинде аймактар өнүккөндө чоң жетишкендиктер болот. Ошондой эле экономикалык дагы жетишкендик болуп, элдин жашоо деңгээлинин өсүшүн күтөм", - дейт Карашев.