Бүгүн, 15-январда Жогорку Кеңештин жыйынында "Ата Мекен" партиясынын тизмесинен шайланган депутат Нурбек Сыдыгалиев ант берди.
"Мен, Сыдыгалиев Нурбек Өмүрбекович Жогорку Кеңештин депутатынын ыйгарым укуктарын аткарууга киришип жатып, Кыргыз Республикасынын конституциясын жана мыйзамдарын сактоого, өз милдеттеримди бүткүл элдин кызыкчылыгында аткарууга, Кыргыз мамлекетинин, аймактын бүтүндүгүн жана көз карандысыздыгын коргоого ант берем!".
Буга чейин "Ата Мекен" фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматовдун депутаттык ыйгарым укуктары токтотулганына байланыштуу анын ордуна Нурбек Сыдыгалиев депутаттык мандатка ээ болгону айтылган.