Бүгүн, 15-январда Жогорку Кеңеште үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндө мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзам долбоору каралып жатат.
Анда мыйзам долбоору өкмөт тарабынан демилгеленип жатканы айтылды. Жыйынга ички иштер министринин орун басары Памир Асанов катышып, депутаттардын суроолоруна жооп берүүдө.
Буга чейин Жогорку Кеңеште күн тартиби каралып жатканда депутат Айнуру Алтыбаева үй-бүлөдөгү зомбулукка байланыштуу өкмөттүк саат уюштурууну сунуш кылган. Депутат жыл башынан бери эки аял зомбулуктун курмандыгы болгонун эскерткен.