Депутат зомбулук кылган кылмышкерлердин аты-жөнүн, беттерин ачык көрсөтүүнү сунуш кылды

Аймактарда жашагандардын көпчүлүгү үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндө мыйзамдын бар экендигин билишпейт. Бул тууралуу бүгүн, 15-январда депутат Рада Туманбаева Жогорку Кеңештин жыйынында айтты.

Депутат зомбулук жасаганга шектелгендерге чара колдонуу боюнча өзгөртүүлөр керек экендигин кошумчалады.

"Жаңы мыйзам боюнча, 3 саатан ашык кармай албайт экенсиңер. Ал эми мурда сот беш күнгө чейин кармаганга уруксат берчү эле. Азыр болсо тергөөгө чейинки иш, экспертиза, беттештирүү деген нерселер бар. Муну менен иш 6-7 айга чейин созулуп кетип жатат. Бул нерсени өзгөртүү боюнча сунуштар барбы?", - деп сурады Туманбаева.

Буга карата ички иштер министринин орун басары Памир Асанов мыйзамдагы 504-беренеге өзгөртүүлөр кирип жатканын айтты.

Мындан тышкары, Рада Туманбаева кылмышка шектүүлөрдүн жүзүн, аты-жөнүн социалдык тармактарда жашырбай, ачык көрсөтүүнү сунуштады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан