Жогорку Кеңештин төрагасы Кыргыз-Тажик чек ара маселесин чечүүнү талап кылган митингге байланыштуу билдирүү жасады

Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков парламент чек ара боюнча маселелерди убагында карап, тийиштүү чечимдерди кабыл алганга даяр экенин айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 15-январда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

"Бүгүнкү күндө чек ара маселеси боюнча иштер жүрүп жатат. Жогорку Кеңеш бул көйгөй боюнча кандай иш-чаралар, талаштар болбосун убагында карап, тийиштүү чечимдерди кабыл алып, кандай жардам керек болсо ошону карап берип турабыз. Акыркы болгон окуяларга дагы көңүл буруп, кечээ тийиштүү комитет өзү карап, тиешелүү чечимдерди чыгарды. Өкмөт дагы иштеп жатат. Өлкөнүн вице-премьер министри Жеңиш Разаков коңшу Тажикстан өлкөсүнүн вице-премьер министри менен жолугуп келишимдерге, протоколдук тапшырмаларга кол коюлганын маалымдап кетет элем. Мамлекетибиздин ар бир тырмактай болгон жери биз үчүн маанилүү, биз үчүн өтө керек. Парламент ар дайым мамлекеттин кызыкчылыгын коргогон, мамлекет үчүн иштеген мыйзамдарды кабыл алып бергенге даяр. Жогорку Кеңеш өзүнүн ишин кылып жатат", - дейт Жумабеков.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан