Бүгүн, 15-январда Жогорку Кеңеште депутат Камчыбек Жолдошбаев күйөөсүнүн токмогунан каза болгон аялдар тууралуу маселеге токтолду.
"Күйөөсүнүн токмогунан каза болгон аялдар тууралуу телеберүүлөрдөн берип жатат. Ал аялдар мурда арыз жазды беле?" - деп сурады депутат.
Ички иштер министринин орун басары Памир Асанов жыл башында 3 резонанстуу кылмыш иши катталганын айтып, учурда тергөө амалдары жүрүп жатканын белгиледи. Алар мурда укук коргоо органдарына кайрылбаганын билдирди.
Жолдошбаев: "Кийин ошолорду текшерип көрдүңөр да кимиси күнөөлүү болуп жатат? Ошол ичкиликтен болуп жатабы? Текшерип карап көрдүңөрбү?" - деп сурады.
Памир Асанов: "Бул боюнча бүгүнкү күндө тергөө амалдары жүрүп жатат. Спирт ичимдигин ичип алышкан. Толук маалыматты тергөө бүткөндөн кийин беребиз", - дейт.
Жолдошбаев: "Мунун себеби эмнеден улам болуп жатат? Күйөөсү ичип алганбы, оң, тетири басканбы же аялынан кеткенби? Балким, мурун урушуп жүрүшкөн", - дейт Жолдошбаев.