"Баткенде кызына болушуп, мурдагы күйөө баласын атып салган жарандын 13 жылга кесилгени туура эмес", - деп бүгүн, 15-январда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Эльвира Сурабалдиева билдирди.
"Баткендеги окуя боюнча соттун чечимин угуп калдым. Мурдагы күйөөсү аялына келип, бир топ убакыттан бери коркутуп жүргөндө милиция реакция кылбай, аягында атасынын ачуусу келип мурдагы күйөө баласын атып салган. Ал киши соттун чечими менен 13 жылга кесилди. Мындай нерселерде дүйнө жүзүндөгү өнүккөн өлкөлөрдө өзүн-өзү коргоо деген түшүнүк бар. Укук коргоо органдары реформа кылабыз, жаңы түшүнүктөрдү киргизебиз десеңер, мыйзамга өзүн-өзү коргоо деген түшүнүктү киргизгиле. Мамлекетке, милицияга ишеним жок болсо аргасыздан атасы атып салды", - дейт Сурабалдиева.