КҮНСОБОЛ: Бүгүн болуп өткөн митингде Жеңиш Разаковдун кызматтан кетиши талап кылынды. Вице-премьерди алмаштыруу менен маселе чечилеби? Маматалиев: "Жеңиш Разаковдун кызматтан кетиши менен маселе чечилбейт"

Бүгүн, 15-январда Бишкекте Ак Үйдүн алдында Кыргыз-Тажик чек ара маселеси боюнча митинг өттү. Митингге чыккандар вице-премьер Жеңиш Разаковдун отставкасын талап кылышты. Алар Жеңиш Разаков чек ара маселесин чече албаганын айтышты.

SUPER.KG порталы "Бүгүн Бишкекте жана Баткенде Кыргыз-Тажик чек арасындагы чыр боюнча митингдер болуп өтүп, алардын катышуучулары Жеңиш Разаковдун кызматтан кетишин талап кылышты. Вице-премьерди алмаштыруу менен маселе чечилеби?" деген собол салды.

Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев чек ара маселеси өтө орчундуу болуп жатканын белгиледи.

"Биз чыр-чатак чыкканда гана ошол жерге чогулуп жатабыз. Бул маселени негизинен комплекстүү түрдө карашыбыз керек. Разаков болобу же башка бирөө болобу өкмөттүн бир тараптуу иш-чарасы болбосо, маселе чечилбейт. Протоколдорго кол коюлуп жатат. Мурда эле ушундай протокол түзүлсө болбойт беле? Чек ара боюнча комиссиянын мүчөлөрүн башка ыйгарым укуктарынан бошотуп, чек ара маселесине гана көңүлүн бурдуруу зарыл", - дейт Маматалиев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан