Жарандык активист Бекназар Айталиев: "Жеңиш Разаковдун кызматтан кетүүсү чек ара маселесинин чечилишине көптөгөн пайда алып келет". КҮНСОБОЛ

Бүгүн, 15-январда Бишкекте Ак Үйдүн алдында Кыргыз-Тажик чек ара маселеси боюнча митинг өттү. Митингге чыккандар вице-премьер Жеңиш Разаковдун отставкасын талап кылышты. Алар Жеңиш Разаков чек ара маселесин чече албаганын айтышты.

SUPER.KG порталы "Бүгүн Бишкекте жана Баткенде Кыргыз-Тажик чек арасындагы чыр боюнча митингдер болуп өтүп, алардын катышуучулары Жеңиш Разаковдун кызматтан кетишин талап кылышты. Вице-премьерди алмаштыруу менен маселе чечилеби?" деген собол салды.

Жарандык активист Бекназар Айталиев Жеңиш Разаковдун кызматтан кетүүсү чек ара маселесинин чечилишине көптөгөн пайда алып келе турганын билдирди.

"Бул жерде вице-премьер-министрдин ролу абдан маанилүү болуп турат. Жеңиш Разаков тууралуу көптөгөн компроматтар кетип жатат. Чек арасы такталбаган өлкөлөрдүн "тыңчысы" деген сөздөр айтылып жүрөт. Бирок бул сөздөрдүн чын же калп экени белгисиз. Ага ишенбейли десек, көп учурда тиги өлкөнүн кызыкчылыгына туура келе турган чечимдер чыгып жатат. Жеңиш Разаковдун кызматтан кетүүсү чек ара маселесинин чечилишине көптөгөн пайда алып келет", - деди Айталиев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан