Укук коргоочу Токтайым Үметалиева: "Вице-премьер чек ара маселесин чече албагандан кийин кызматтан кетип, юридикалык жактан жооп бериши керек". КҮНСОБОЛ

Бүгүн, 15-январда Бишкекте Ак Үйдүн алдында Кыргыз-Тажик чек ара маселеси боюнча митинг өттү. Митингге чыккандар вице-премьер Жеңиш Разаковдун отставкасын талап кылышты. Алар Жеңиш Разаков чек ара маселесин чече албаганын айтышты.

SUPER.KG порталы "Бүгүн Бишкекте жана Баткенде Кыргыз-Тажик чек арасындагы чыр боюнча митингдер болуп өтүп, алардын катышуучулары Жеңиш Разаковдун кызматтан кетишин талап кылышты. Вице-премьерди алмаштыруу менен маселе чечилеби?" деген собол салды.

Укук коргоочу Токтайым Үметалиева вице-премьер-министр чек ара маселесин чече албагандан кийин кызматтан кетип, юридикалык жактан жооп бериши керектигин айтты.

"Вице-премьер-министр укук коргоо органдарын көзөмөл кылат. Жеңиш Разаков кызматтан гана кетпестен юридикалык жактан жооп бериши керек. Премьер-министр эмне үчүн вице-премьер-министрге баа бербейт? Ошондуктан жалгыз вице-премьер-министр эмес, премьер-министр дагы жооп бериши зарыл. Эмнеге өкмөт башчы вице-премьер-министрге сөгүш жарыялаган жок? Бул маселени эмне үчүн Коопсуздук кеңешке алып чыкпай жатышат?" - деди Үметалиева.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан