Эртең Баткенде чек арадагы кырдаалды жөнгө салуу боюнча координациялык кеңешме болот

Эртең, 16-январда Баткен шаарында вице-премьер-министр Жеңиш Разаков чек ара маселелери боюнча УКМКнын, Мамлекеттик чек ара кызматынын, Ички иштер министрлигинин, Баткен облусунун жергиликтүү бийлик органдарынын жетекчилеринин катышуусундагы координациялык кеңешме өткөрөт. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кеңешмеде чек арага чектеш жайгашкан аймакта коомдук коопсуздукту жана тартипти камсыз кылуу, облустун социалдык-экономикалык өнүгүүсү боюнча маселелер талкууланат. Ошондой эле тажик тарап менен сүйлөшүү процесси боюнча калк арасында маалыматтык-түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, чек ара кызматташтыгын бекемдөө тууралуу маселелер талкууланат.

Вице-премьер-министр Баткен облусуна иш сапарынын алкагында Көк-Таш айылынын жашоочулары менен жолукту. Бир катар маселелер, анын ичинде чагымчылдык аракеттерге шектелген айылдын 4 жашоочусунун камакка алынышы талкууланды. Белгиленгендей, бул маселе мыйзам чегинде дыкат каралат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан