Бүгүн, 15-январда Бишкекте Ак Үйдүн алдында Кыргыз-Тажик чек ара маселеси боюнча митинг өттү. Митингге чыккандар вице-премьер Жеңиш Разаковдун отставкасын талап кылышты. Алар Жеңиш Разаков чек ара маселесин чече албаганын айтышты.
SUPER.KG порталы "Бүгүн Бишкекте жана Баткенде Кыргыз-Тажик чек арасындагы чыр боюнча митингдер болуп өтүп, алардын катышуучулары Жеңиш Разаковдун кызматтан кетишин талап кылышты. Вице-премьерди алмаштыруу менен маселе чечилеби?" деген собол салды.
Жогорку Кеңештин депутаты Төрөбай Зулпукаров чек ара маселеси вице-премьер-министрди алмаштыруу менен чечилбейт деген пикирде. "Жеңиш Разаковдун ыйгарым укуктары маселени чечкенге жетпейт. Өкмөттүн чек ара боюнча комиссиясы бар. Аны Жеңиш Разаков жетектейт. Комиссиянын отуруму менен гана чечилет. Бул маселени карап жатышат. Чек ара маселеси оор. Сүйлөшүүлөр башталды. Бул маселе бир тараптуу чечилбейт, эки тараптын макулдугу менен чечилет", - дейт Зулпукаров.