Жогорку Кеңештин айым депутаттарынын форумунун кезектеги жыйыны өтүп, анда гендердик зордук-зомбулукка каршы күрөшүү чаралары талкууланды

Бүгүн, 15-январда Жогорку Кеңештин айым депутаттарынын форумунун кезектеги жыйыны өтүп, анда гендердик зордук-зомбулукка каршы күрөшүү чаралары талкууланды.

Отурумда өлкөдө аялдарга жана өспүрүмдөргө карата зордук-зомбулук күч алганы айтылып, аларга каршы чараларды күчөтүү зарылчылыгы белгиленди. Эл аралык уюмдардын өкүлдөрү жыйында маалымдагандай, гендердик теңчиликти камсыздоого багытталган иштер жүргүзүлүп жатканына карабай, аялдарга жана өспүрүмдөргө карата түз жана кыйыр түрдөгү басмырлоо аракеттери токтотулбай келет. Андыктан, мыйзам үстөмдүгүн орнотуу менен тең укуктуу коомду жаратуу чаралары мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыттарынын бири болушу керектиги айтылды.

Андан тышкары, отурумда Жогорку Кеңештин айым депутаттарынын форумунун кийинки төрайымы болуп депутат Гүлшат Асылбаева дайындалды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан