Өкмөт: "Топографиялык жумушчу топ тажик тарап менен жерлерди өз ара алмашуу боюнча маселелерди иштеп чыгууга киришти"

Топографиялык жумушчу тобу кечээ эле Кыргыз-Тажик вице-премьер-министрлеринин жолугушууларынын натыйжасында, кол коюлган протоколдун пункттарынын бирин аткаруу боюнча ишке киришти. Бул тууралуу бүгүн, 15-январда өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Топографиялык жумушчу топко 2020-жылдын 1-мартына чейинки мөөнөттө Баткен району менен Тажикстандын Исфара шаарынын ортосундагы бир нече жерден окшош жана аянты бирдей тилкелерди өз ара алмашуу боюнча макулдашылган варианттарды иштеп чыгуу тапшырмасы берилген.

Топографиялык жумушчу топтун жыйыны Баткен шаарында вице-премьер-министр Жеңиш Разаковдун жетекчилиги алдында өтүп жатат.

Учурда тиешелүү сунуштарды даярдоо боюнча иштер жүрүп жатат.

Мындан тышкары, Кыргыз-Тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Өкмөттөр аралык комиссиянын кезектеги жыйынына тиешелүү материалдар иштелип чыгууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан