Президент өлкөнүн санариптик трансформациясы боюнча багыттары менен таанышты

15-январда президент Сооронбай Жээнбеков Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы Дастан Догоевди кабыл алды. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, мамлекет башчы 2019-жылы өлкөнү санариптик трансформациялоо, мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды көрсөтүүнүн сапатын жогорулатуу, аларды электрондук форматка өткөрүү боюнча масштабдуу иштер жасалганын канааттануу менен белгиледи.

Президент санариптик технологияны экономикага, социалдык тармакка терең киргизүү максатында калктын, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин санариптик көндүмдөрүн жакшыртуу зарылдыгын белгиледи.

"Санариптик инфраструктураны калыптандыруу, тиешелүү платформаларды жана маалымат базаларды түзүү менен катар өлкө жарандарын санариптик көндүмдөргө үйрөтүп, буга катышкан мамлекеттик органдардагы кызматкерлердин компетенттүүлүгүн жогорулатуу керек. Ошондой эле тездетилген санариптик трансформациясы үчүн жагымдуу мыйзамдык негизди түзүү зарыл. Ансыз калк санариптешүүнүн реалдуу оң натыйжаларын сезе албайт", - деди Сооронбай Жээнбеков.

Дастан Догоев 2019-2023-жылдарга карата "Санариптик Кыргызстан" концепциясынын алкагында өлкөнү санариптик трансформациялоо боюнча ушул жылга карата артыкчылыктуу багыттары тууралуу маалымат берди. Ал 2020-жылы аталган платформаны өлкөнүн бардык региондоруна киргизүү пландалып жатканын белгиледи.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан