Парламентте март айынын үчүнчү ишембисин бак-дарак отургузуунун улуттук күнү катары белгилөө боюнча токтом долбоору каралды

Кечээ, 15-январда Жогорку Кеңештин жыйынында Март айынын үчүнчү аптасынын ишемби күнүн Бак-дарактарды отургузуунун улуттук күнү деп жарыялоо жөнүндө токтом долбоору каралды.

Демилгечи депутат Айнуру Алтыбаева билдиргендей, долбоор экологиялык жана санитардык абалды жакшыртуу, республикадагы шаарлар менен калктуу конуштардын аймактарын жашылдандыруу, бак-дарак аянттарын көрктөндүрүүнү жана көбөйтүүнү колдоо максатында даярдалган. Анын айтымында, бак-дарак отургузуу күнү сыяктуу күндөр Орусияда, Казакстанда, Кытайда жана башка бир катар өлкөлөрдө белгиленип, өз натыйжасын берип келүүдө.

Депутат Исхак Масалиев бул маселени өкмөткө тапшырма катары эле берүүнү сунуштап, атайын токтом кабыл алып, ага улуттук деген макам берүүнүн зарылчылыгы жоктугун айтты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан