Бүгүн, 16-январда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Улугбек Ормонов премьер-министрге көйгөйлүү маселени чечүү жолдору боюнча кайрылганын айтты.
"2019-жылдын декабрь айында премьер-министрге көптөн бери чечилбей жаткан көйгөйлүү маселени чечүү жолдору боюнча атайын кат менен кайрылгам. Ал менин катымды өзү окудубу-жокпу аны так билбейм. Бирок бир айдан кийин өкмөттүн аппаратынын жооптуу кызматкеринен кат келди. Ал мага ошол маселени чечүү боюнча тапшырма бериптир. Мен премьер-министрден суранып жөнөткөн кат мага тапшырма болуп келип жатат. Биз кайрылган маселелер боюнча кайра бизге тапшырма берип жатышса, анан ал маселелер качан, кантип чечилет?" - дейт Ормонов.