Мирлан Бакиров "Азаттыкка" жеке тарап боюнча анык эмес маалыматтарды алып чыкпай, тоо-кен тармагы боюнча иликтөө жүргүзүшүн сунуштады

Бүгүн, 16-январда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Мирлан Бакиров "Азаттыкка" жеке тарап боюнча анык эмес маалыматтарды алып чыкпай, тоо-кен тармагы боюнча иликтөө жүргүзүшүн сунуштады.

"Коопсуздук кеңеш жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндөгү коопсуздукту камсыз кылуу боюнча чечим кабыл алган. Саналуу күндөрдөн кийин чечимдин кабыл алынышына бир жыл болот. Ал жерде өкмөткө, Башкы прокуратурага так тапшырмалар коюлган. 100 миңдеген тонна кен, концентрат сыртка чыгып жатат. Чечимде кымбат баалуу жана түстүү металлдарды, алтын камтыган кендерди жана концентраттарды сатууга салыктык коюмдарды көбөйтүп, кен казуучу жана кен иштетүүчү ишканалардын кирешесине салыкты жогорулатуу маселесин карап чыксын деген тапшырмалар берилген. Кыргыз өлкөсүнүн аймагынан кымбат баалуу концентратты чыгарууну болтурбоо жөнүндө тапшырма коюлган. Тилекке каршы, дагы деле ушундай иштер болуп жатат. Жакында эле маалымат каражаттарына Солтон-Сарыдан 1,5 тонна концентрат ташылып кетип жатат деген маалымат чыкты. Чечимдерди аткаруу боюнча протоколдук тапшырма берүү керек", - деди ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан