Бүгүн, 16-январда Жогорку Кеңештин жыйынында спикер Дастанбек Жумабеков Франкфурт-на-Майне шаары дегенди дагы "Франкфурт-на-Маяне" деп окуду.
Ал күн тартибиндеги "2017-жылдын 18-сентябрында Франкфурт-на-Майне шаарында кол коюлган “Агрардык өндүрүштүк-сатып өткөрүү байланыштарын каржылоо” долбоору боюнча Кыргыз Республикасы менен Германия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Каржылоо жөнүндө келишимди ратификациялоо тууралуу” мыйзам долбоору карала турганын окуп жаткан.
Буга чейин дагы долбоорду окуп жатып, ал "Франкфурт жана Маяня шаарында... Маяня шаарында" деп эки ирет Франкфурт-на-Майне шаарын туура эмес окуп алган.