Бүгүн, 16-январда Азимбек Бекназаров маалымат жыйын берди. Ал сөз башында маалымат жыйын өткөрүүсүнө Конституцияга элдик демилге менен киргизилген референдум жөнүндөгү мыйзамды депутаттар колдобой жаткандыгы себеп болгонун белгиледи.
"Айрым депутаттар айтышты, ушул мыйзамдын эч нерсеси жок, Юстициянын сайтында жок деп жатышат. Мен айтып берейин, бул эмнеден улам чыккан мыйзам. 2017-жылы Кыргыз өлкөсүндөгү улутчул-мекенчил күчтөрдүн меморандуму түзүлгөн, ага 97 саясий-коомдук уюмдун өкүлдөрү кол койгон. Анын арасында Равшан Жээнбеков, Адахан Мадумаров, Каныбек Иманалиев, Ахматбек Келдибеков жана башка салмактуу саясатчылардын колдору бар.
Биздин максатыбыз - өлкөдөгү же авторитардык-коррупциялык бийликти кантип сындырабыз? Ошонун үстүндө иштей турган болгонбуз. Ошол кезде Атамбаев бизди адам катары көргөн жок, бизди жолоткон жок. Биз 2018-жылы курултай өткөрдүк, ошондо авторитардык башкаруудан кутулуунун 3 жолун таптык:
1. Башкаруунун түрүн элдин тандоосуна берүү;
2. Шайлоо системин өзгөртүү;
3. Бийликтин эл алдындагы жоопкерчилигин жогорулатуу.
Бул боюнча биз азыркы президентке сунуш бердик. Мындан тышкары, реформаны мурдагы президенттердей болуп жүргүзбөңүз дедик. Мурдагы президенттер реформаны өзү айланасына шайлаган 6-7 киши менен жүргүзөбүз деген жолду тандашчу.
Ошол мыйзам долбоорго кол койгондор бүгүн тескери сүйлөп жатышат. Бизди мыйзам жазганга укугу жок дешүүдө, биз мыйзам долбоорун жазганга лицензия алганбыз. Өткөн жылы жөнөткөн мыйзам долбоорду эми карап жатышат, кеч болсо да караганына рахмат. Бул мыйзам долбоордун автору 12 адам жана 12 миң шайлоочу.
Мен 5 президентти көрдүм. Бири дагы өзүнө, бийликке каршы пикир айткандарды уккан эмес, тескерисинче жок кылгыла, ташбараңга алгыла дешчү. А бул президент бизди угуп жатат, биз менен кызматташып жатат. Жогорку Кеңеш менен өкмөт карабай койсо да президент карап чыгып, "Ооба, бизге ушундай реформа керек деп жооп берди". Президентти, экс-президенттерди курултайга алып келип өлкөнүн келечек жолун тандап алышыбыз керек. Ата-бабаларыбыз ушундай жол менен иш кылган, курултайга чогулуп, кеңешип, өлкөнүн келечегин тандашкан", - деди Бекназаров.