КҮНСОБОЛ: Үй-бүлөлүк зомбулук тууралуу окуяларды журналисттер чагылдырбаганы туура. Депутаттын мындай сунушу "ооруну жашырсаң, өлүм ашкере кылат" дегендик эмеспи? Исмаилова: "Коом бул көйгөй канчалык деңгээлге көтөрүлгөнүн билип турушу керек"

Депутат Таалайбек Масабиров массалык маалымат булактарында үрөй учура турган маалыматтар берилип жатканын билдирип, бул кичинекей балдардын психологиясына терс таасирин тийгизиши мүмкүн экенин айткан. Ал маалыматты бергенде чектөө киргизилиши керектигин белгилеген. Буга чейин дагы бир катар депутаттар ушундай сунуштарын айтып келишкен.

Мындан улам SUPER.KG порталы "Үй-бүлөлүк зомбулук тууралуу окуяларды журналисттер чагылдырбаганы туура. Депутаттын мындай сунушу "ооруну жашырсаң, өлүм ашкере кылат" дегендик эмеспи?" деген собол салды.

Жогорку Кеңештин депутаты Аида Исмаилова коом бул көйгөй канчалык деңгээлге көтөрүлгөнүн билип турушу керек деген пикирде.

"Депутаттын мындай сунушу туура эмес. Социалдык тармактарга зордук-зомбулукка байланыштуу болгон бардык окуяларды чыгарып турушубуз керек. Анткени биздин жарандарыбыз бул көйгөй канчалык деңгээлге көтөрүлүп кеткени жөнүндө билиши шарт. Болгон окуялардын баарын билдиришибиз зарыл. Мурда социалдык тармак мындай иштечү эмес да. Билбей эле жүрүптүрбүз", - дейт Исмаилова.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан