Депутат Таалайбек Масабиров массалык маалымат булактарында үрөй учура турган маалыматтар берилип жатканын билдирип, бул кичинекей балдардын психологиясына терс таасирин тийгизиши мүмкүн экенин айткан. Ал маалыматты бергенде чектөө киргизилиши керектигин белгилеген. Буга чейин дагы бир катар депутаттар ушундай сунуштарын айтып келишкен.
Мындан улам SUPER.KG порталы "Үй-бүлөлүк зомбулук тууралуу окуяларды журналисттер чагылдырбаганы туура. Депутаттын мындай сунушу "ооруну жашырсаң, өлүм ашкере кылат" дегендик эмеспи?" деген собол салды.
Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков кыңыр ишти кылтып койгон жаңылыштык экенин белгиледи.
"Зомбулук Кыргыз мамлекетиндеги мыйзам бузуу кылмыштарынын бири болуп эсептелет. Кыңыр иш 40 жылда билинип калат дегендей эле, кыңыр ишти кылтып койгондун өзү жаңылыштык. Бардыгы ачыкка чыгып турушу керек. Бирок зомбулук боюнча маалыматты жаш балдардын эс-тутумуна таасир бербегендей кылып чагылдыруу зарыл. Мыкаачылыкты жазбай эле койгон туура болот. Аларга адабий терминдерди колдонуп жазуу шарт. Зомбулукту сүрөттөп, баяндап бериштин кереги жок. Бул жаштардын тарбиясына тескери таасирин тийгизе турганын эске алышыбыз керек", - дейт Момбеков.