Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 18-январда Ооганстандын Кыргыз Республикасындагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Мохаммад Исса Месбахты дипломатиялык миссиясынын аякташына байланыштуу кабыл алды.
Жолугушууда өлкөлөр ортосундагы эки тараптуу, анын ичинде соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык тармактардагы кызматташуунун азыркы абалы жана келечеги тууралуу пикир алмашуу болду.
Мамлекет башчысы Мохаммад Исса Месбахтын Кыргыз-Ооган мамилелерин бекемдөөгө кошкон салымына токтолуп, карым-катнашты тереңдетүү өлкөнүн тышкы саясатынын маанилүү багыттарынын бири экенин баса белгиледи.
Президент Сооронбай Жээнбеков Мохаммад Исса Месбахка бекем ден соолук, бакубаттуулук жана ишмердүүлүгүндө мындан аркы ийгиликтерди каалады.
Ооганстандын элчиси Мохаммад Исса Месбах Кыргыз өлкөсүндө өтөгөн дипломатиялык миссиясы учурунда ар дайым эки тараптын кызыкчылыктарын эске алуу менен иш-аракет кылганын билдирди.
Өз ишин жүргүзүүдө демилгелерге колдоо көрсөткөндүгү үчүн өлкөнүн жогорку жетекчилигине ыраазычылык айтып, Кыргыз-Ооган эки тараптуу кызматташуусу мындан ары да жемиштүү өнүгө берерине ишенимин билдирди.