"Туулган күнүмдө өзүмө белек тартуулайын деп унаа издеп жүрөм" дейт 32 жашка толгон Бегимай Карабаева

Эстрада ырчысы, эки кыздын мээримдүү апасы Бегимай Карабаева бүгүн, 19-январда 32 жашка толду. Ырчыны куттуктап байланышка чыкканыбызда, өзүнө белек алайын деп унаа базарда жүргөнүн айтат.

"Туулган күнүмдө унаа алайын деп базарга келдим. Азыр каражатыма ылайык унаа издеп жүрөм. Буга чейинки унаамды сатып, акчасын кийимдер дүкөнүн ачууга жумшап салгам. Ошондон бери тапканымды чогултуп жүрдүм. Апам дагы кошумча кылды.

19-январга караган түнү курбуларым куттуктап келишти. Туулган күнүмдү апам Баткенден келгенде өткөрөм", - дейт ал.

Бегимай Карабаева 1988-жылы 19-январда Баткен шаарында төрөлгөн. 2004-жылы Баткендеги В.И.Ленин атындагы орто мектепти бүтүрүп, Ош мамлекеттик университетинин юридикалык факультетин аяктаган. Эл оозуна "Баёо сезим", "Жалгыздык", "Адашпайм" деген ырлары менен алынган.

Ырчынын чыгармачылыкка кадам таштаган жылдардагы сүрөттөрү.

Бегимай Карабаева 2010-жылы Кубаныч аттуу мырзага турмушка чыгып, Айдай жана Адемай аттуу кыздуу болушкан. Ырчы 2015-жылы жолдошу менен ажырашканын билдирген.

19-январдын жылнаамасы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Belek1710
2020-01-19 11:55:44
Туулган кунун менен!
+4
kirgizstan
2020-01-19 12:05:03
Не быйыл артистерге Авто унаа алуу жылыбы? Жыл башынан эле?
+3
bond02
2020-01-19 12:25:45
Куйоосу жакшы бала эле Кубаныч, органда иштейт болчу.
-4
isarti
2020-01-19 14:26:09
Озуно озу белек беруу деген болчу беле.
+3
Djal1987
2020-01-19 17:31:42
Айылда чонойгон кыздарга ачык чачык кийим жарашпайт. Ошону озу деле билсе болот да.
-3
Akshumkar
2020-01-19 21:11:57
Фольксваген Гольф 2 бар менде аласынбы. Абалы зынк ходовка дыбы дып салон ууфф ууфф
+2
Hernandez
2020-01-19 23:18:14
Akshumkar,гольф 2 нин ходовкасын зынк кылып алыш учун 3000 сом акча кетет
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан