Жийдеш Идирисова 35 жашта. "Бул ирет белек боюнча жолдошума буюртма кылган жокмун" дейт ал

Документке туулган күнү бир күн кеч жазылган ырчы Жийдеш Идирисова бүгүн, 19-январда 35 жашка толду. Жолдошум жыл сайын туулган күнүмдө буюртма менен белек берчү, бул ирет буюртма кылган жокмун дейт ырчыга байланышканыбызда.

"Туулган күнүмдү үй-бүлөм жана досторумдун курчоосунда белгилейм. Кайсы жерде, кандай болору мага дагы белгисиз. Жолдошум уюштуруу иши менен алектенип жүрөт, эч нерсе айта элек. Буга чейинки туулган күндөрдө жолдошума керектүү буюмумду айтчумун. Ал мага ошол нерсени алып берчү. Быйыл керектүү буюмдарымдын баары эле бар экен деп айткан жокмун. Кандай белек тартуулай турганы кызык болуп жатат", - дейт ал.

Жийдеш Идирисова 1985-жылы 19-январда Нарын шаарында туулган. Ал "Эдем алмасы" аттуу тасманын саундтрегин аткарып, эл оозуна алынган. "Артек" музыкалык тобунда 6 жылдан ашык иштеп, андан соң "Сен" деген ыры менен жеке карьерасын баштаган.

2015-жылдын 19-декабрында Түркиянын Стамбул шаарында өткөн "Turkvizyon 2015" эл аралык сынагынын гранд-финалында мамлекетибиздин атынан чыккан ырчы Жийдеш Идирисова "Ким билет?" аттуу ырды аткарып, 1-орунду ээлеген.

Ырчы жолдошу Андрей Доргайга турмушка чыккандан 6 жыл өткөндөн кийин никесин мыйзамдаштырып, үлпөт той өткөргөн. Түгөйлөрдүн ортосунда Севара жана Адэл аттуу кыздары бар.

19-январга карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
rysik79
2020-01-19 15:00:13
Куйоо бала керей го э? Же корейби?
+1
aiba.8327
2020-01-19 15:10:34
Ой кокуй ой...
+3
iryi1
2020-01-19 15:39:15
Жийдеш красавица.
+4
bond02
2020-01-19 16:11:02
Аа ошондо машина алдырган жокмун деген турасынарбы, укмуш атаандашасынар го э.
+4
Raatbek700
2020-01-19 17:04:54
Эри корейби
+2
Stervashka
2020-01-20 02:20:05
Raatbek700,оа корей улуту.
+1
Gulya78
2020-01-19 21:16:58
Машина алперет
+1
Romantik.
2020-01-19 22:07:52
Короче Жийдеш такыр жакпайт. Асман деген долбоордо асманга чыгып алыптыр
+6
didu
2020-01-20 07:57:41
кытай карейге тийгендер куйдургу болушту, бейтаараттар
0
SHERBOLAT
2020-01-20 10:17:59
Ырчылар ушинтип жазса аллергиям козголот. Качан мечитке же жетим жесирлерге кайрымдулук кылдым дегендерин угасын
+2
Azatbek.Svoboda.
2020-01-20 13:49:49
Аялдардын башка улутка тийиши бул коомдун бузулганынан кабар берет!Ишенбесен чычалабай.Эмне учун китеп окушубуз керек деген китепти окусанар ошол китепте жазылган!Мен кыскача айттым ал китепте терениреек жазылган.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан