Президент Сооронбай Жээнбеков төкмө акын Аалы Туткучев баштаган топтун чыгармачыл кечесине барды. Бул тууралуу мамлекет башчынын басма сөз катчысы Толгонай Стамалиева социалдык баракчасына жазды.
"Аймактарды өнүктүрүү, элетте жумушчу орундарын түзүү, бара-бара ички миграцияны токтотуу. Натыйжада балдар кароосуз калбай, ата-эне мээриминде чоңоюусу. Балдарды колдоо жана коргоо. Коомдогу ынтымакты бекемдөө, улуттук баалуулуктарды сактап, улантуу. Бул президенттин мамлекеттик деңгээлде көздөп, аткарып келе жаткан саясаты.
Төкмө акын Аалы Туткучев баштаган “Эл ырчысы Эстебес” тобу тартуулаган музыка, драма, юмор, сатира аралаш кечеси ушул көйгөйлөрдү эки сааттан ашык убакытта көрөрмандарга жогорку чеберчиликте жеткирди.
Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармониясынын чоң залында аншлаг менен өткөн кечеден алган таасир ушундай. Ал эми президент Аалы мырза жетектеген топтун “аймактарды кыдырып, концертти элеттиктерге тартууласак” деген изги тилегин колдой турганын билдирди.
Мамлекет башчысынын буга чейин Гапар Айтиев атындагы Кыргыз Улуттук көркөм сүрөт музейине, Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз академиялык опера жана балет театрына болгон сапарлары мына ушундай маданий ишемби менен улантылды", - деп жазылат билдирүүдө.