Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргыз-Түрк ортосундагы инвестицияларды өз ара колдоо жана коргоо жөнүндө макулдашуу мыйзамга кол койду. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2019-жылдын 12-декабрында кабыл алынган.
Мыйзам боюнча, Тышкы иштер министрлиги белгиленген тартипте Түркия тарапка көрсөтүлгөн макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылганы жөнүндө кабарлоого тийиш.
Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. Макулдашууга ылайык, Кыргыз Республикасы менен Түркия Республикасынын ортосунда макулдашуучу тараптардын аймагында инвестицияларды өз ара колдоо жана коргоо боюнча милдеттенмелер белгиленген.