Парламент комитетинде согуштук аракеттерде катышкан партиялык кеңешчилерге социалдык жеңилдиктерди берүү боюнча мыйзам долбоору каралды

Бүгүн, 20-январда Жогорку Кеңештин комитетинде "Согуштун, Куралдуу күчтөрдүн ардагерлери жана оруктагы эмгекчилер жөнүндө” мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору каралды.

Мыйзам долбоорунун демилгечиси депутат Исхак Пирматов. Сунушталган мыйзам долбоору башка мамлекеттин аймагында согуштук аракеттерде катышкан партиялык кеңешчилерге согуштук аракеттерде катышкан аскер кызматкерлери менен тең социалдык жеңилдиктерди алууга мүмүкүнчүлүк берет.

Согуш аракеттеринде катышкан катышуучулардын арасындагы партиялык кеңешчилердин аз пайызын эске алуу менен, мыйзам долбоорун кабыл алуу республикалык бюджеттен аз өлчөмдөгү акча каражатын ыйгарым укуктуу органдын каралган каражаттарынын алкагында талап кылат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан