Депутат ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды кадимки мектептерге окутуу боюнча мыйзам долбоорун сунуштап жатат

Депутат Дастан Бекешев ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды кадимки мектептерге окутуу боюнча мыйзам долбоорун сунуштап жатат. Бул тууралуу ал бүгүн, 20-январда Жогорку Кеңештин комитет жыйынында билдирди.

"Терс тенденция болуп жатат. Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын саны жылдан жылга өсүүдө. Жыл сайын 2 миң, 3 миң бала кошулуп жатат. Атайын мектептерде ашык балдарды ала албайт экен. Ушундай боло берсе мүмкүнчүлүгү чектелген балдар окубай калат. Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар кадимки мектептерде окуса алгач түшүнбөстүктөр болушу мүмкүн. Оор болсо да ушундай жолго барышыбыз керек. Мүмкүнчүлүгү чектелген балдар жөнөкөй балдар менен окуса туура болот. Ошол эле учурда атайын мектептерди, үйдө окутуу системин жойбой эле коюу зарыл. Ата-энеси баласын кайсы жакка окутарын өздөрү чечиши керек", - дейт Бекешев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан