Актриса Роза Азимбаева менен жолдошунун тою өтүүдө. "Аяшыбыз 40 жашында Розага үйлөндү" дейт Розанын курбусу Динара Тилекеева

Бүгүн, 20-январь күнү Баткенде "Министрдин кызынын махабаты" тасмасында Зинанын ролун жараткан актриса Роза Азимбаева жана жолдошу, аранжировкачы Алтынбек Нажимидиновдун үйлөнүү тою болууда. Розага курбу болуп чыккан ырчы Динара Тилекеева той тууралуу SUPER.KG порталына төмөнкүлөрдү айтып берди.

"Учурда жаштардын сейилдөөсү болуп жатат. Биз Роза экөөбүз Ырысбек Жабиров тарткан "Мал доктур" деген кинокомедияга тартылып, достошуп калганбыз. Роза жакында жумушу боюнча Баткенге барып келейин деп жөнөп калган эле. Ошондо Жалал-Абадга деле филармонияга кел, бизде эле иште" десем, бир барып келейинчи Баткенге деп болбой кеткен. Көрсө, биротоло калганы кеткен экен. Аяшыбыз Алтынбек курбума 40 жашында үйлөндү. Экөө бири-бирин күтүп жүрүшкөн экен. Азыр сейилдөөдөн кийин ресторанда тойдун расмий бөлүгү башталат. Ал жакка эки жашты мен "Жар-Жар" ырым менен алып кирем", - деди Динара айым.

Эскерте кетсек, 3-январь күнү Роза Азимбаеванын кыз узатуу тою болуп, аны үйүнөн кыргыздын каада-салты менен Баткенге алып кетишкен.

Баткенде Актриса Роза Азимбаева менен жолдошунун үйлөнүү тою болууда
“Министрдин кызынын махабатында” роль жараткан актриса Роза Азимбаеванын үлпөт тою өтүүдө
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (14)
Muslim_KGstana.
2020-01-20 16:59:10
Иииии бактылууу болсун,канткен кундо дагы...
+5
bond02
2020-01-20 17:06:33
Жаш кеткенден кийин кызыгы деле кетет окшойт э, че то коз караштар башкачадай сезилип жатат да.
+2
Belek1710
2020-01-20 17:39:27
Эки жаш бактылуу болгула
+5
Sakura715
2020-01-20 18:34:57
Альбина Имашовага окшошуп кетет экен, бактылуу болушсун ай
+4
Nur777
2020-01-20 19:09:01
Супсулуу келин болуптур,бактылуу болгула!
+6
meku9205
2020-01-20 20:46:19
Ырчы Азизага окшош экен
+3
Paol
2020-01-20 21:41:25
meku9205,да поддерживаюю
+1
AiperiO
2020-01-21 02:42:34
Негизи жашыраагында уйлонгондо не жетсин ээ... Окшошпой да калат экен. 40жаштагылар наоборот кыз берип калышты го. Не болсо да бактылуу болушсун
+1
momun74
2020-01-21 11:04:58
Пешенеге эмне жазылса ошолда бири эрте бири кеч турмуш курат эн башкысы издешип жургон тугойлор бирин бири табышты бактылуу болушсун
+3
guli-1980
2020-01-21 11:13:49
Динара Тилекеева аяшын 40 жашта эмес 1978 жылкы
0
Nadia68
2020-01-21 12:54:54
Баткендиктер кучтуу
+2
KG.Kushtarbek
2020-01-21 15:02:50
Nadia68,да конечно )))))
0
Tiken
2020-01-21 13:17:54
Негизи экоо бактылуу болушса калган адамдардын пикири маанилуу эмес!
+2
aiba.8327
2020-01-21 15:50:08
Даа бактулуу болушсун Эми...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан