"Министрдин кызынын махабаты" тасмасында Зинанын ролун аткарган актриса Роза Азимбаева турмушка чыкты. Бул тууралуу SUPER.KG порталына ырчы, аранжировкачы Өктөм Сапар уулу билдирди.
"Кечээ, 3-январь күнү досум, аранжировкачы Алтынбек Нажимидинов кыргыздын каада-салты менен Розаны үйүнөн алып кетти. Эки жаш бүгүн Баткен шаарына, Алтынбектин кичи мекенине барышты. Алтынбек менен Роза эки айдай кыз-жигит болуп сүйлөшүп жүрүп, баш кошушту", - дейт Өктөм мырза.