Саясатчы Бектур Асанов Атамбаев менен Исаковдун соттук процесске катышуудан баш тартканы боюнча: "Мыйзам баарына бирдей болушу шарт". КҮНСОБОЛ

9-январда мурдагы президент Алмазбек Атамбаев кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча соттун көчмө жыйынына катышпай чыгып кеткен. Ал Сот департаментинин кызматкерлери анын жолун тосконуна карабай кетип калганын жактоочусу айткан. Бүгүн, 20-январда Бишкек шаардык сотунда ЖЭБ иши боюнча жактоочулардын апелляциялык даттануулары каралды. Анда мурдагы премьер-министр Сапар Исаков райондук соттук процесстин жүрүшү одоно мыйзам бузуулар менен жүргөнүн айтып, бул соттук отурумдун деле акыйкат өтүшүнө көзү жетпешин билдирди. Ал соттук отурумга катышуудан баш тартты.

SUPER.KG порталы "Буга чейин Алмазбек Атамбаев, бүгүн Сапар Исаков соттук процесске катышуудан баш тартты. Башкы фигурант катышпаган сот процесси, сот чечими коомчулукта ишеним туудурабы?" деген собол салды.

Саясатчы Бектур Асанов мыйзам баарына бирдей болушу керектигин айтты.

"Эгерде алар мыйзам бузуп, соттук процесске катышпаган болсо коомчулукта сөзсүз түрдө чоң күмөн жаралат. Соттун мажбурлап алып келгенге укугу болсо анда аларды мажбурлап алып келиши керек. Мыйзам Атамбаевге, Сапар Исаковго, баарына бирдей болушу керек", - дейт Асанов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан