Бүгүн Жогорку Кеңештин комитетинде чек ара боюнча комиссиянын ишинин жыйынтыгы каралат

Парламент комитетинде Кыргыз Республикасынын Өзбекстан жана Тажикстан менен мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк комиссиянын ишинин жүрүшү жөнүндө маселе каралат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин сайтына жарыяланды.

Маалыматка ылайык, баяндаманы вице-премьер-министр Жеңиш Разаков жасайт. 14-январда комитеттин жыйыны өтүп, комиссиянын жыйынтыгы каралган. Бирок баа берилген эмес. Жыйынга чек ара маселесин караган вице-премьер-министр Жеңиш Разаков чакырылган, бирок тажик тарап менен сүйлөшүү жүргүзүп жатканына байланыштуу келе алган эмес.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан