Жеңиш Разаков чек ара боюнча маселени жабык кароону сунуштады

Бүгүн, 21-январда Жогорку Кеңештин комитет жыйынында вице-премьер-министр Жеңиш Разаков чек ара боюнча маселени жабык кароону сунуштады.

Ал жашыруун маалымат болгон үчүн маалыматты жабык түрүндө кароо керектигин айтты. Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин төрагасы Исхак Пирматов жашыруун эмес, маалыматты ачык түрүндө караш керектигин билдирди. "Өткөндө Азимбек Бекназаровдун элчиликке талапкерлигин карап жатканда жыйын жабык өтүп калып, сындарга кабылганбыз. Ушундай түшүнбөстүктөр болбош үчүн жашыруун эмес, маалыматты ачык угуу зарыл", - дейт.

Жыйынтыгында тажик тарап менен болгон сүйлөшүү тууралуу маалымат ачык каралмай болду. Ал эми жашыруун маалыматтар жабык эшик артында каралат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан