Депутат Баткенде камакка алынган 4 жаран тууралуу маселени көтөрдү

Депутат Каныбек Иманалиев Баткенде камакка алынган 4 жаран тууралуу маселени көтөрдү. Бул тууралуу ал бүгүн, 21-январда Жогорку Кеңештин комитет жыйынында билдирди.

Учурда Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин жыйынында чек ара боюнча комиссиянын ишинин жыйынтыгы тууралуу маселе каралып жатат.

Анда Каныбек Иманалиев кармалган 4 жарандын баарын үй камагына чыгарууну сунуштады. Ал депутаттар бул боюнча кат жазып бере турганын айтты.

Ички иштер министринин орун басары Мирлан Каниметов учурда 4 жарандын экөө үй камагына чыкканын айтты.

Облустук милициядан буга чейин билдиргендей, алар 11-январда милиция кызматкерлери тарабынан кармалып, алар Кадамжай райондук сотунун чечими менен бир айга камакка алынышкан.

18-декабрь күнү саат 09:20 чамасында алар жолдон өтүп бара жаткан Тажик Республикасынын Исфара районунун Майский айылынын тургундары менен өз ара эки тарап таш ыргытышып, урушуп кетишкен. Натыйжада Баткен районунун Көк-Таш айылынын тургунунун Хонда-Стрим унаасынын айнегине таш тийип, айылдын 2 тургунунун турак үйлөрүнүн шиферлери сынган. Мындан сырткары, Көк-Таш айылынын бир тургунунун башына таш тийип, жараат алган. Баткен РИИБинде Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине "массалык баш аламандыктар" беренеси менен катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Мындан сырткары, 2020-жылдын 11-январь күнү Көк-Таш айылынын тургундары жолдон өтүп бара жаткан Көк-Таш айылынын Дахма участкасынан Тажик жарандарынын Хундай-Портер үлгүсүндөгү унаасын таштар менен уруп, эки капталындагы айнектерин сындырып салышкан. Бул факты "бейбаштык" беренеси менен катталып, текшерүү иштери башталган. Жогорудагы кылмыштарга катыштыгы бар же аларды уюштурганга тиешеси бар делинип, Көк-Таш айылынын 4 жаранын тиешелүү далил менен суракка алып келишкен. Алардын экөөнүн жанынан тийиштүү документтери жок ок атуучу курал алынып, соттук-экспертизалар дайындалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан