Ички иштер министринин орун басары Мирлан Каниметов Тажикстандын 6 жаранына издөө жарыяланганын айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 21-январда Жогорку Кеңештин комитет жыйынында билдирди.
Учурда Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин жыйынында чек ара боюнча комиссиянын ишинин жыйынтыгы каралып жатат.
Анын айтымында, Тажикстандын жарандары чек арадагы чырда чагымчылдыкка айыпталууда.
Буга чейин Баткенде 4 Кыргыз жараны кармалып, жакында анын экөө үй камагына чыккан.