Вице-премьер эртең Кыргыз өлкөсүндө Кыргыз-Тажик чек арасы боюнча сүйлөшүү өтө тургандыгын айтты

Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков эртең, 22-январда Кыргыз өлкөсүндө Кыргыз-Тажик чек арасы боюнча сүйлөшүү өтө тургандыгын айтты. Бул тууралуу ал бүгүн парламент комитетинин жыйынында билдирди.

Ал Кыргыз-Тажик чек ара маселесин чечиш үчүн эки жерди алмашуу боюнча бир пикирге келгенин билдирди. Разаков эки участокту алмашуу боюнча эки тараптан макулдук бар экенине токтолду. "Ак-Сай айылындагы Арык-Асты жана Самаркандек айылындагы Самаркандек участкасын алмашуу сүйлөшүлгөн", - дейт ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан