Жеңиш Разаков анын отставкасын талап кылган митинг тууралуу: "Ал жакка адамдар акча менен чыгарылган. Ким уюштурганын билем"

Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков анын отставкасын талап кылган митинг тууралуу үн катты. Бул тууралуу ал бүгүн, 21-январда журналисттерге пикирин билдирди.

"Алар акча менен чыгарылган адамдар. Эгерде кимдин адамдары көп дей турган болсоңор, мен дагы адамдарды чыгарып көрөйүн, кимдики көп экенин көрөсүңөр. Баткенди, башка жакты көтөрөйүн. Бул туура эмес. Мен мамлекеттик кызматкермин мага элди көтөргөнгө болбойт. Баткенде 19 жыл иштегем, ар бир айылдын эли мени тааныйт", - деди ал.

Ошону менен катар эле ал митингди кимдер уюштурганын биле турганын белгиледи. Бирок кимдер экенин так айта албай турганын билдирди. Бул нерсени тийиштүү органдар териштириши керектигин айтты.

15-январда Бишкекте Ак Үйдүн алдында Кыргыз-Тажик чек ара маселеси боюнча митинг өткөн. Митингге чыккандар вице-премьер Жеңиш Разаковдун отставкасын талап кылышкан. Алар Жеңиш Разаков чек ара маселесин чече албаганын айтышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан