Бүгүн, 21-январда Жогорку Кеңештин комитет жыйынында чек ара боюнча маселе жабык эшик артында каралды.
Жыйын бүткөн соң Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин төрагасы Исхак Пирматов кандай жыйынтыкка келишкенин журналисттерге билдирди.
"Биз буга чейин Кыргыз-Тажик чек арасынан күйүүчү майдын өтүүсүнө чектөө киргизүү боюнча айтып келгенбиз. Тилекке каршы, ишке ашпай жатканына байланыштуу тапшырма иретинде токтом кабыл алып бере турган болдук. Күйүүчү майдан баштап бардык нерселерге чектөө киргизүү керек. Чек араны жабуу туура эмес. Элдер кирип чыга берет. Биз убактылуу ошондой чараларга барышыбыз зарыл. Ошондой эле чек ара кызматынын курамын көбөйтүү боюнча сунуш берип жатабыз. Бул бюджеттен кошумча каражат талап кылынбайт. Бул маселе чечилгенге чейин Куралдуу күчтөрдүн 500-1000ге жакын жоокерин Баткен облусуна көчүрүүнү сунуштадык", - дейт Пирматов.
Ал бул маселе Жогорку Кеңештин палатасында 23-январда карала турганын билдирди.