Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги “Эркектер менен аялдар үчүн бирдей укуктар менен бирдей мүмкүнчүлүктөрдүн мамлекеттик кепилдиктери жөнүндө” мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүүнү сунуштап жатат. Бул тууралуу өкмөттүн сайтына коомдук талкууга коюлду.
Ага ылайык, премьер-министрдин кызмат ордуна талапкер бир жыныстагы адамдардын 70 пайыздан ашпаган өкүлчүлүгүн эске алуу менен өкмөттүн курамын, түзүмүн жана программасын Жогорку Кеңешке киргизет.
Саясий кызматтардын деӊгээлинде эркектердин саны аялдардын санынан 7 эсе жогору. Муниципалдык кызматтардагы саясий кызмат орундарында 513 кызмат ордуна аялдардын 20 же 3,8 пайызы гана аралашат. Ошондуктан бир жыныстагы адамдардын 70 пайыздан ашпаган өкүлчүлүгүн эске алуу менен өкмөттүн курамын бекитүү сунушталып жатат.