Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги өкмөттүн курамына гендердик квотаны киргизүү сунушталып жатат. Бул боюнча демилге коомдук талкууга коюлду. Анда бир жыныстагы адамдардын 70 пайыздан ашпаган өкүлчүлүгүн эске алуу менен өкмөттүн курамын бекитүү сунушталды.
Мындан улам SUPER.KG порталы "Өкмөттүн курамына гендердик квотаны киргизүү сунушталууда. Колдоого алынышы керекпи?" деген собол салды.
Жогорку Кеңештин экс-депутаты Асия Сасыкбаева мындай демилгени колдоого алыш керектигин айтты.
"Анткени азырынча биздин мамлекетте демократия өнүгө элек. Эркектер үстөмдүк кылып жатат. Ошондуктан аялдарды аткаруу бийлигине алып келиш керек. Бул нерсени дискриминация деп айтышы мүмкүн. Бирок бүгүнкү күндө Кыргыз мамлекетинде түзүлгөн кырдаалда мындай демилге туура. Демократия, мамлекет өнүгүп калганда башкача болсо болот. Азырынча гендердик квота болсо жакшы болмок", - дейт Сасыкбаева.