Депутат Аалы Карашев: "Өкмөттүн курамына гендердик квотаны киргизүү сунушун колдойм. Аялдар дагы жогорку кызматтарды ээлеши керек". КҮНСОБОЛ

Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги өкмөттүн курамына гендердик квотаны киргизүү сунушталып жатат. Бул боюнча демилге коомдук талкууга коюлду. Анда бир жыныстагы адамдардын 70 пайыздан ашпаган өкүлчүлүгүн эске алуу менен өкмөттүн курамын бекитүү сунушталды.

Мындан улам SUPER.KG порталы "Өкмөттүн курамына гендердик квотаны киргизүү сунушталууда. Колдоого алынышы керекпи?" деген собол салды.

Жогорку Кеңештин депутаты Аалы Карашев мындай сунушту колдой турганын айтты.

"Мен буга туура көз караштамын. Сөзсүз түрдө гендердик баланс болушу керек. Биз светтик мамлекетпиз. Аялдар дагы жогорку кызмат орундарын ээлеши керек. Мындай демилгеге каршылыгым жок. Бир эле өкмөттүн курамында эле эмес, бардык жерде гендердик квотаны киргизүү керек", - дейт Карашев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан