"Жеңиш Разаков чек ара боюнча митинг акчага уюштурулган деп айтканы үчүн кызматын тапшырышы керек", - деп бүгүн, 22-январда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Жанар Акаев билдирди.
"Өкмөттүн өкүлүнө кайрылат элем. Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков бүгүндөн калбай элден кечирим сурашы керек. Анткени ал чек араны тактап бергиле деген элди кимдир-бирөөлөр каржылаган, акча үчүн митингге чыккан деп айтты. Бул элди мазактоо. Жеңиш Разаков ошол сөзүнө жооп бериши зарыл. Болбосо сот алдында жооп бериши керек. Бүгүндөн калбай элден кечирим сурашы шарт. Факт жок. Бул чоң ката. Ал ошол сөзү үчүн кызматын тапшырышы керек", - дейт Акаев.
Кечээ, 21-январда Жеңиш Разаков анын отставкасын талап кылган митинг акчага уюштурулганын журналисттерге билдирген.