Депутат үй-бүлөлүк декларация деген түшүнүктү киргизүүнү сунуштады

Депутат Акылбек Жапаров декларациялоо маселесине үй-бүлөлүк декларация деген түшүнүктү киргизүүнү сунуштады. Бул тууралуу ал бүгүн, 22-январда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, мындай түшүнүк өнүккөн өлкөлөрдө ийгиликтүү колдонулуп жатат.

Жыйында “Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору 3-окууда каралды. Бир катар себептерден жана калктын даяр эместигин эске алуу менен, мыйзам долбоору аркылуу декларациялоонун мөөнөтүн узартуу жана айрым категориядагы жактар үчүн этап-этабы менен киргизүү бөлүгүнө өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушталууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан