Депутат Бекешев Салык кызматы менен Экономика министрлигинин тазалагычтары кантип декларация толтура турганына кызыкты

Бүгүн, 22-январда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Дастан Бекешев Мамлекеттик салык кызматында канча тазалагыч иштей турганын сурады.

"Алар салык декларациясын толтура алышабы? Жаңы мыйзам боюнча тазалагычтар дагы декларация тапшырышы керек болот", - деди депутат.

Аталган кызматтын башчысынын орун басары Искендер Асылкулов кенже тейлөө кызматкерлери жумушчулардын 20 пайызынан ашпай турганын айтты. "Бир гана Салык кызматынын тазалагычтары эмес, жалпы эл декларация тапшырат" деди Асылкулов.

Бекешев: "Декларация тапшырбаса 6 миллион жаранга айып пул сала албайсыңар. Аларга декларация толтурууга жардам бересиңерби?" - деп сурады.

Асылкулов жардам бериле турганын белгиледи. Депутат декларация боюнча бир катар каталар бар экенин айтты. "Бул мага да тиешелүү. Силер мыйзамды жазылбаган маалыматты берүүнү сураган үчүн менден кечирим сурашыңар керек", - деди ал.

Мамлекеттик салык кызматынын башчысынын орун басары бул маселе карала турганын билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан