Депутат 10 миң сом айлык алган мамлекеттик кызматкерлер 20 миң долларлык унаа минип жүргөнүн айтты

Депутат Курманкул Зулушев 10 миң сом айлык алган мамлекеттик кызматкерлер 20 миң долларлык унаа минип жүргөнүн айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 22-январда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

“Декларация тапшыруу 2002-жылы башталган. Бардык жарандардан декларация алайын деп жатабыз. Бул мамлекетке пайда береби же кагаздын шорубу? Коррупцияны чындап эле ооздуктайбы же бул элдин укуктарын чектейби? 10 миң сом айлык алган мамлекеттик кызматкерлер 20 миң долларлык унаа минип жүрүшөт”, - дейт депутат.

Экономика министринин орун басары Дастан Кадыров бул коррупцияны ооздуктай турганын айтты.

Жыйында “Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору 3-окууда каралды. Мыйзам долбооруна ылайык, өкмөт 300 миң сомдон ашык акчага бир нерсе сатып алып, чыгаша болгондордун баарына декларация тапшыртууну сунуштап жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан