Депутат мигранттардын балдары боюнча көйгөйлөр жаралып жатканын айтып, бул боюнча кандай иштер жүрүп жатканын сурады

Депутат Абдыбек Дүйшалиев мигранттардын балдары боюнча көйгөйлөр жаралып жатканын айтып, бул боюнча кандай иштер жүрүп жатканын сурады. Бул тууралуу ал бүгүн, 22-январда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

"Мигранттардын балдары боюнча көйгөйлөр жаралып жатат. Кээ бир үй-бүлө балдарын туугандарына таштап кетүүдө. Кароосуз калган балдар зомбулукка көп учурап жатат. Бул боюнча Билим берүү жана илим министрлиги кандай иштерди жүргүзүүдө?", - деп сурады депутат.

Билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова министрликте жумушчу топ түзүлгөнүн айтты. "Мектептерде социалдык педагогдор бар. Алар ата-энеси мигрант болгон балдар боюнча өзүнчө иштешет", - дейт Жусупбекова.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан