Бүгүн, 23-январда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Дүйшөн Төрөкулов сатылып кеткен кинотеатрларды мамлекетке кайтарып, максаттуу иш жүргүзүү үчүн мамлекеттик органдар алсыз болуп жатканын айтты.
"Үч жыл катары менен аймактарды өнүктүрүүгө басым жасалып жатат. Бул багытта иш-аракеттер каралууда. Бүгүнкү күндө маданияттын тиреги болгон кинотеатр, маданият үйлөрү жараксыз болуп, кээ бирлеринин дубалы урап, калгандары сатылып кеткен. Мисалы Кызыл-Кыя шаарынын так ортосунда менчиктештирилип кеткен "Заря" кинотеатры жакында эле өрттөлгөн. Азыркы убакта ал жерде башка багыттагы мекеме салынып турат. Тегерегинин баары таштандыга толуп кеткенине шаар тургундары нааразы. Маданият үйлөрүн оңдоп-түзөп, сатылып кеткен кинотеатрларды мамлекетке кайтарып, максаттуу иш жүргүзүү үчүн мамлекеттик органдар алсыз болууда. Башкы прокуратура көзөмөлгө алышы керек. Урматтуу төрага мыйзамсыз менчиктештирилип кеткен маданият мекемелерин мамлекетке кайтарууга каражат бөлүп берүү боюнча өкмөткө протоколдук тапшырма берсеңиз", - деди Төрөкулов.