Депутат Иса Өмүркулов чакан жана орто бизнестерге шарт түзүп берүү керектигин айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 23-январда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
"Чакан жана орто бизнести өнүктүрүү боюнча өкмөт тарабынан мамлекеттик иштебей калган же болбосо эптеп иштеп жаткан ишканалардын баарын колдонуу боюнча мамлекеттик-жеке өнөктөштүк деген мыйзам бар. Ошого чакан жана орто бизнестерин тартып ошолор менен алака түзүп, иш жүргүзсө жакшы болмок. Чакан жана орто бизнеске шарт түзүп бербесек, экономиканын жылышы кыйынчылыкта турат. Заводдор иштей турган болсо иш оруну, киреше булактар көбөйөт. Ошону менен бирге социалдык маселелер чечилет. Шаардын ичиндеги мамлекеттик жерлерге ишканаларды куруу керек", - дейт Өмүркулов.