"Кыргыз мамлекетиндеги турмушка нааразы болгон тараптар болсо, Памирге бир жумага жолдомо алып бериш керек" деп бүгүн, 23-январда Жогорку Кеңештин жыйынында вице-спикер Мирлан Бакиров билдирди.
"2012-жылы дүйнөнүн чокусу аталган Улуу жана Кичи Памирдеги боордош этникалык кыргыз элинен кабар алганбыз. Андан бери бир топ жыл өттү. Колго аларлык жумуш болуп жатат десем жаңылышпайм. Бүгүн аз да болсо үй-бүлөлөрдү көчүрүп келип, алар жайгаштырылып жатат. Кыргыз мамлекети кыргыз элинин кайсы жерде болсо дагы оор учурда кол сунуп жардам бере ала турганын көрсөттү. Ал жердеги жашоонун оордугу, кыйындыгы маалымат каражаттарынан, тарыхый барактардан көрүнүп турат. Кыргыз мамлекетине нааразы болгон тараптар болсо, ошол жерге бир жумага жолдомо алып бериш керек. Кандай оор турмушту башынан кечирип жатканын көзү менен көрүп, жон териси менен сезип келсе, турмушка жана башкага көз карашы өзгөрөт", - дейт Бакиров.